 |
Сообщить о нарушении Уведомите администратора сервиса гостевых книг в случае появления противоправного содержания на этой странице. Спасибо.
 |
 | Не тратьте время. Cообщения не соответствующие смыслу и тематике гостевой книги удаляются владельцами гостевых книг. |
| |
страницы: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 

 | | aхмaт | 18 марта 2011 06:19 | IP: 82.145.208.21 | | aссaлaм a-м,урмaттуу Муфтий.
1.суннот муaккaдaны aткaрбaгaн aдaмгa куноо жaзылaбы?тозокко кириши мумкунбу?
2.мaкрух тaхримий ж-a тaнзихийдин орт-дa кaндaй aйырмa бaр?Кээлeр экоо тeн куноо дeшсe,кээлeр 1-си эмeс,2-си куноо дeшeт.Туурaсы кaндaй?
3.Мeн бир мaсeлe чыксa,бир нeчe aaлымдaрдaн сурaп aнaн aмaл кылaм.Нaсвaй ж-до мaкрух тaнзихий,тaхримий,хaрaм дeгeн жоопторду aлдым.Кaйсынысы туурaлыгын дaлил м-н aйтуунузду отуном.
4.Узaк сaпaрдa aвтодо отургaн aбaлдa нaмaз окуй бeрчумун.Болбойт дeп aйтып жaтышaт.Сeбeби эмнe?
5.Эгeр китeптeрдe мaкрух дeп гaнa жaзылгaн б-со,aл тaнзихий б-бу жe тaхримийби?Аны кaнтип aныктaсaм б-т?О.э.суннот муaккaдa ж-a муaккaдa эмeс суннот ж-до. | 

 | 44. Ва алейкум ассалаам! 1) Сүннөт муакаданы аткарбаган адамга күнөө жазылбайт. Ал адам тозок түшөт деп да айтпайбыз. Бирок Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) шапаатынан кур калуусу мүмкүн. 2) Экөө тең күнөө. Бирок бирөөнүкү кичине күнөө экинчисиники чоң күнөө деп эсептелинет. 3) Сиз кайсы бир аалымдын илимине, такыбасына ишенген болсоңуз ошонун айтканын атакарганыңыз жакшы. Ар кимдин айтканын угуп анан алардын арасынан тандап алуу туура эмес. Ал үчүн сиз алардын баарынан илимдүүрөөк болууңуз керек болот. Мен насвайды макрух тахримий деп билем. Арам деп айтуу үчүн Куран же хадистен далил же катъий кыяс керек болот. Мен андай далилди билбеймин. Ден-соолука зыян келтиргендиги үчүн макрух тахримий деп айтып жүрөм. 5) эгер Ханафий мазхабынын китептеринде макрух деп айтылынган болсо, тахримий түшүнүлөт. |
|

 | | анонимно | 18 марта 2011 05:07 | IP: 82.145.210.41 | | Ассалааму ъалайкум ва рохматуллоохи ва барокаатух. Сизге Алла ыраазы болсун ж-а Аллахтын жакшылыктары болсун.Азирети Муфтий менин суроом мусулмандар бакчасын ачыш учун?илими кандай денгелде болуш керек ж-а кандай илим алыш керек?,Кайсыл жерден туура илим алса болот ?Сизден сураныч бизге дуа кылып коесузбу мумкун болсо. Сизге Алла ыраазы болсун, бизден кетсе кечиресиз.
| 

 | Бала бакча ачуу үчүн илим эмес, көбүрөөк тажрыйба керек болот. Ачкандан кийин илимдүү адамдарды алып келип койгон болсо, алар балдарды тарбиялай беришет. Бизде медреселер бар ошол жерлерден илим алсаңыздар болот. Иншаа Аллах дуба кылып коебуз. |
|

 | | Абутaлип | 17 марта 2011 23:55 | IP: 82.145.210.12 | | Шейиты говорят,что в какой то войне во время пророка(С.А.В) была война и во время войны когда пророка ранили все кто были рядом с пророком убежали кроме Али,Салмон фарс и еще некоторые люди. И в списке которые убежали от войны там были Абу бакр,Осман..... И потом Пророк те кто убежали из войны проклинал. Ето правда? Обьясните. | 

 | 42. Ар ким ар нерсени айта берет. Айтылган сөздүн баарына ишене бербөө керек. Биринчиден алар согуштан качышкан эмес. Экинчиден Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бул дүйнөгө рахмат катары жиберилген. Бирөөлөргө каргыш айтуу үчүн эмес. Ал аны ташбараңга алган Таиф элин да каргаган эмес. Үчүнчүдөн эгер Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) Абу Бакр жана Усмандарды (радыя Аллаху анхум) каргаган болсо, анда аларды өмүрүнүн аягына чейин жанында алып жүрбөйт эле. Эгер Усманды (радыя Аллаху анху) каргаган болсо, анда ага эки кызын никелеп бербейт эле жана эгер дагы бир кызым болсо аны да Усманга берет элем деп айтмак эмес. Эгер Абу Бакрды каргаган болсо, өмүрүнүн аягында анын артында туруп намаз окубайт эле. |
|

 | | Djalil81 | 17 марта 2011 20:17 | IP: 82.145.208.202 | | Ассаламу алейкум Чубак ажы!Менин суроолорум.1-Заара кылгандан кийин,кагаз менен кургактап койсо,авраатты жуубай,андан сон даарат алса болобу?Сын алгы бар уйго периштелер кирбейт дейт,чынбы?Деги еле сын алгы корсо болобу?Орус улутундагы,башка диндеги адамдар менен Ассаламу алейкум деп учурашса болобу?Сиздин кылып жаткан иштеринизге Аллах ыраазы болсун!Биз кубанып жатабыз,Аллах сиздей адамды бизге муфтий кылганына! | 

 | 41. Ва алейкум ассалаам! 1) Ооба, болот. 2) Сыналгы терезедей эле нерсе. Терезеден жаман нерсени карасаң күнөөкөр болгондой эле сыналгыдан да жаман нерселерди көрүү күнөө деп эсептелинет. Эгер жакшы нерселерди көргөн болсо болот. Периштелер сыналгы бар үйгө кирбейт деген туура эмес сөз. 3) Башка диндегилер менен ассалааму алейкум деп саламдашканга болбойт. Эгер алар ассалааму алейкум деп айткан болсо, ва алейкум деп гана жооп берүү керек. Аллах сизден да ыраазы болсун! |
|

 | | Mirbek | 17 марта 2011 15:46 | IP: 80.72.191.148 | | Ассаламу алейкум.Менде мындай суроо бар эле сизге.Мен ханафий мазхабындамын. ханбалий мазхабты кармаган авам намазда рукуго бараарда, сажда кылаарда саждадан туруп деле таквир кыла берет. Сурасам ар бир таквир учун сооп берилет деген хадис бар дейт.Ушундайбы? Эгер ушу маанидеги сахих хадис бар болсо башка мазхабтагыларга ушу хадиске амал кылууга болобу.? Рахмат | 

 | 40. Ва алейкум ассалаам! Намаз окуп жатканда рүкүгө бараарда, саждага бараарда жана саждадан турганда да колду көтөрүү боюнча хадис бар. Бирок ар ким өз мазхабына жараша амал кылганы жакшы. Себеби ар мазхабтын өзүнө жараша далили бар. Бул хадис биздин мазхабта мансуух (өкүмү өчүрүлгөн) хадис деп эсептелинет. Себеби Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) башка хадисинде: “Мага эмне болгон, силердин намазда колуңарды жылкы чымынын куйругу менен айдагандай кылып көтөрүп жатканыңарды көрүп жатам. Намаз окуганда тынчтангыла”,-деп айтат. Бул хадис имам Муслимдин сахих китебинде келет. Андан сыртка Абдуллах ибн Масъууд, Умар ибн Хаттаб, Али ибн Абу Таалиб сыяктуу улуу сахабаларда намаздын башталышынан башка убактарда колун көтөрбөгөндүгү айтылат. |
|

 | | Aizhan | 16 марта 2011 21:22 | IP: 194.176.111.227 | | Ассаляму алейкум уа рахматуллахи уа баракатуха. Уважаемые не могли бы вы разместить информацию о запрещенности или дозволенности тех или иных видов сетевого маркетинга на русском языке? Очень нужна такая информация. С уважением, Айжан | 

 | Ва алейкум ассалаам! Мы работаем над этим. Сейчас у нас проходит проверку малазийская компания QNET |
|

 | | кыргыз | 16 марта 2011 12:39 | IP: 212.112.98.158 | | ассаламу алейкум! Кее бир адамдар салам алейкум деп учурашышат, туурабы? мааниси терс болуп калбайбы, ас салам туурасы го негизи. Тушундуруп коесузбу? Рахмат | 

 | Ва алейкум ассалаам! Сүннөткө ылайыктуусу ассалааму алейкум. Бирок салам алейкум десеңиз деле жарай берет. Аны менен анын мааниси бузулуп калбайт. |
|

 | | smile | 16 марта 2011 09:01 | IP: 212.112.96.161 | | Ассаламу Алейкум. Чубак ажы байке, 1)мен компьютер сатып иштейм, менден бир киши 34000 сомго компьютер алды да документин 60000 ге жазып бер деди, бул кандай болот арам бы же адал бы? 2)Анан любой тендерге катышсан 3 процентин бизге бересин дейт, бул кандай болот? 3)Менин бир дозум 7 апрельде бироолордон компьютер жана принтер сатып алыптыр, органдарга берип сал десем камап салсын дейт, мен буну оз акчама сатып албадынбы дейт. казыр болсо принтерин мен иштетип журом, бул кандай болот, эмне кылышкерек? 4)Жолдон акча же буюм таап алсан эмне кылыш керек? Аллах сизге раазы болсун! | 

 | Ва алейкум ассалаам! 1) Мындай кылуу туура эмес. Арам деп эсептелинет. 2) Туура эмес, арам. 3) 7-апрельде сатып алган болсо эле ал уурдалган буюм деп эсептелип калбайт. Бирок уурдалганын анык билип туруп сатып алган болсо, ал компьютер да принтер да досуңуздуку деп эсептелбейт. Аны ээсине кайтарып берүү керек болот. |
|

 | | Abdulla | 16 марта 2011 04:14 | IP: 82.145.211.8 | | Асаламу алейкум урматтуу Чубак ажы! ислам динине кылган кызматынызды Алла Таала кабыл кылсын.суроом: Пайгамбарыбыздын хадиси Имам Бухариде келген ал хадис сохих болсо,биз ал хадиске амал кылуудан мурда мазхабызда барбы же жокпу деп карашыбыз керекпи?эгер жок болсо амал кылбайбыз бар болсо амал кылабыз деген имиштер туурабы?.бул хадистер намаз даараттарга тийешелуу.суранам сизден Алла ыраазылыгы учун жооп
беринизчи.
| 

 | Ва алейкум ассалаам! Хадис бар, жана хадистин түшүндүрмөсү бар. Илимдүү устаздардан илим талап кылуу керек. Эгер ошол хадис сизде күмөн туудура берген болсо илимдүү адамдарга кайрылсаңыз алар эмне үчүн бул хадиске амал кылынып же амал кылынбай калганын түшүндүрүп беришет. Аллах Таала сизден да ыраазы болсун! |
|

 | | Нурсултан | 16 марта 2011 01:48 | IP: 80.72.189.230 | | Ассаламуалейкум, уйго менин апам эт алып келди (базардан, халалбы халал эмеспи белгисиз). Ошол эт менен тамак жасап коюп, мен аны жебей койсом апам таарынып калып жатат, же урушуп жатат. Эмне кылсам болот? Рахмат! | 

 | Ва алейкум ассалаам! Апаңыз мусулман болгондуктан шектенбей жей бериңиз. Андан сырткары Кыргызстанда 85% мусулмандар жашашат. Эт сатуучулардын деле дээрлик баары мусулмандар. Мусулман мусулман жөнүндө жакшы күмөндө болуусу керек. Эгер сиз өзүңүз ишеничтүү жерлерди билсеңиз, анда өзүңүз эт алып келиңиз. Же болбосо апаңызга ошол жерлердин дарегин берип коюңуз. Бирок апаңызды капа кылбаңыз |
|
страницы: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 
| |